Курандагы перзент тилөө дубалары

Аз. Закариянын дубасы
رَبِّ هَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ ذُرِّيَّةً طَيِِّبَةً إِنَّكَ سَمِيعُ الدُّعَاءِ
Окулушу: Рабби хаблии мил-ладунка зурриятан тоййибан, иннака самиъуд-дуъаа.
Мааниси: Оо Эгем! Мага жакшы(таза) перзент бер. Чындыгында Сен дубаны Угуучусуң
(Аали Имран сүрөөсү 3/38)

Башка момун адамдардын кылган дубалары
رَبَّنَا هَبْ لَنَا مِنْ أَزْوَاجِنَا وَذُرِّيَّاتِنَا قُرَّةَ أَعْيُنٍ وَاجْعَلْنَا لِلْمُتَّقِينَ إِمَاماً
Окулушу: Раббанаа хабланаа мин азваажинаа ва зуррийаатинаа куррота аъйунив-важъалнаа лилмуттакиина имаама
Мааниси: Оо Эгебиз! Бизге жубайларыбыздан жана урпактарыбыздан көзүбүзгө кубаныч тартуула жана бизди такыбалар үчүн үлгү кыл (Фуркан сүрөөсү 25/74)

رَبِّ أَوْزِعْنِي أَنْ أَشْكُرَ نِعْمَتَكَ الَّتِي أَنْعَمْتَ عَلَيَّ وَعَلَى وَالِدَيَّ وَأَنْ أَعْمَلَ صَالِحًا تَرْضَاهُ وَأَصْلِحْ لِي فِي ذُرِّيَّتِي إِنِّي تُبْتُ إِلَيْكَ وَإِنِّي مِنَ الْمُسْلِمِينَ 

Окулушу: Рабби азвиънии ан ашкуро ниъматакаллатии анъамта ъалаййа ва ъалаа ваалидаййа ва ан аъмала саалихан тардооху ва аслихлии фии зурриййатии иннии тубту илайка ва иннии минал-муслимиин

Мааниси: Эгем! Өзүң мага жана менин ата-энеме көргөзгөн жакшылыгың үчүн мени Өзүңө шүгүр келтирүүчү кыл. Сен ыраазы болчу иштерди кылууга кубат бер. Урпактарымды да мен үчүн жакшырт(аларды жакшы адамдардан кыл). Өзүңө тообо кылдым жана мен мусулмандарданмын (Ахкаф сүрөөсү 46/15)

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Уйкудан ойгонгондо окулчу дуба

ЖАҢЫ ҮЙЛӨНГӨНДӨРГӨ ОКУЛУУЧУ ДУБА

Азан дубасы