Уйкудан ойгонгондо окулчу дуба
الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَحْيَانَا بَعْدَ
مَا أَمَاتَنَا وَإِلَيْهِ النُّشُورُ
"Альхамду лиллаахиллазии ахйаана баъда маа амаатанаа ва илайхин-нушуур"
Мааниси: Бизди өлтүргөндөн кийин кайра тирилткен Аллахка хамд болсун. Тирилип Ага кайтабыз.
Бул хадис көптөгөн сахих хадис китептеринде кездешет. Бул хадисти баяндаган Абу Зарр менен Хузайфа ибн Йемаан хазреттери (радыяллаху анхум ажмаин), Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ар бир таң атканда уйкудан ойгонгондо ушул дубаны окучу деп баяндашкан.
(Сахихи Бухарий, Даават, 5837; Сахихи Муслим, Китабуз-Зикр, 4886; Сунани Ибни Маажа, Китабуд-Дуа, 3870; Муснади Ахмад, Муснадуль-Ансар, 20404)
Комментарии
Отправить комментарий