Күтүбөгөн нерселерден сактануу, жакшылыктарды күтүү дубасы
 اَللّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ مِنْ فَجْأَةِ الْخَيْرِ وَأَعُوذُ بِكَ مِنْ فَجْأَةِ الشَّرِّ

  Аллаахумма иннии ас алука  мин фаж атил-хайри ва      аъуузу бика мин фаж атиш-шарри
 Аллахым, Сенден сюрприз жакшылыктарды тилеп, күтүлбөгөн жамандыктардан сактооңду суранабыз.
 Анас бин Малик радыяллаху анху баяндаган жогорудагы хадисте, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам жогорудагы дубаны эртең менен да, кечинде да окуп тургандыгын айткан. Айрыкча, Азирети Анас: "Анткени адам эртең менен кечинде кандай күтүлбөгөн нерсеге туш келип калуусун билбейт. " - деп кошумчалады. Жана ошондой эле бул дуба тууралуу Ибнуль Каййум ушундай деген: Кимде ким бул дубаны ар дайым окуса, бул дубанын пазилетине күбө болот жана көптөгөн пайдаларын көрөт. Бул дуба ал адамды ар кандай көз тийүүдөн сактайт. Эгер ага көз тийип калган болсо, ал көздү ал адамдан жок кылат. Бул да ал адамдын ыйманынын оордугуна, тобокелинин даражасына жана жүрөгүнүн бекемдигине жараша болот. Ооба, бул дуба (окуган адамды коргогон) соот. 
(Мажмауз-Заваид, 10-жүз, 115; Муснади Абу Яалаа, 6-жүз, 106; Файзуль Кадир, 5-жүз, 10)

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Уйкудан ойгонгондо окулчу дуба

ЖАҢЫ ҮЙЛӨНГӨНДӨРГӨ ОКУЛУУЧУ ДУБА

Азан дубасы