Хасбияллаху дубасы
حَسْبِيَ اللّهُ لا إِلَهَ إِلاَّ هُوَ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ
وَهُوَ رَبُّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ
Окулушу:
Хасбияллааху Лаа Илааха Иллаа Хува, Алайхи Таваккалту, Ва Хува Раббуль Аршиль Азиим.
Мааниси:
"Мага Аллах жетиштүү. Андан башка Кудай жок. Ага тобокел* кылдым. Ал Улуу Арштын Эгеси." (Тауба сүрөөсү, 9/129)
*тобокел - Ага таяндым, Андан гана жардам тиледим
Түшүндүрмө
Абу Дауддун Сунанындагы бир хадисте Абу Дарда (радыяллаху анх) ушундай баяндайт: Пайгамбарыбыз (Саллаллаху алейхи васаллам) ушундай деди: "Кимде-ким эртең менен же кечинде жогорудагы аятты жети жолу окуса, чын-жүрөктөн берилип, же болбосо жалган эле окуса да, ар кандай муктаждыктарында Аллах Таала жетиштүү болот"
(Сунанды шархын жазгандар "чын жүрөктөн берилип/садык" деген сөздү "маани-мазмунун толук түшүнүп, ыкылас менен айтуу", ал эми "жалгандан эле/казиб" деген сөздү болсо "жүрөк менен сезбестен, адат катары кайталоо" деп чечмелешкен. "Аллах Таала жетиштүү болот" деген сөздү "Аллах Таала аны ар кандай кыйынчылыктан, кайгы-кападан алыс кылып, ага дүйнө камын бербейт" деп түшүндүрүшкөн. Аллах эң туурасын билүүчү.)
Бир иш баштаарда, студенттер экзаменге кирээрде, башыңызга проблема келгенде, дегеле бардык учунда окуп турсаңыздар жакшы болот. Маанисинде айтылгандай эле, кандай гана иш болбосун, акырын жакшы кылсын деп Аллах Таалага тапшыруу деген маанини камтыйт.
ОтветитьУдалить