Азан дубасы
ا للَّهُمَّ رَبَّ هَذِهِ الدَّعْوَةِ التَّامَّةِ وَالصَّلَاةِ الْقَائِمَةِ آتِ مُحَمَّداً الْوَسِيلَةَ وَالْفَضِيلَةَ وَالدَّرَجَةَ الرَّافِعَةَ وَابْعَثْهُ مَقَاماً مَحْمُوداً الَّذِي وَعَدْتَهُ إَنَّكَ لَا تُخْلِفُ الْمِيعَا دَ Аллахумма Рабба хаазихид даъватит-тааммати вассалаатил кааима, аати Мухаммаданил васиилата вал фадийлата ваддаражатар-раафиъа, вабъасху макаамам махмуданиллази ваъадтаху, иннака лаа тухлифуль миъаад. Оо, Аллахым, ушул толук кынтыксыз чакырык менен окулчу намаздын Эгеси! Мухаммедке керемет жакынчылыкты, орошон өзгөчөлүктү жана бийик даражаны тартуулай көр! Аны Өзүң убада кылган « Махмуд макамына » жеткиз. Сен убадаңдан күмөнсүз кайтпайсың. Азан айтылып бүткөн соң жогорудагы дубаны окуган адамга өз шапааты насип болоорун Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айткан эле деп Азирети Жабир (радыяллаху анх) баяндаган. (Бухари, Азан, 8, Тафсири сүрөө, 17; Муслим, ...