Илим жугуштуу болуусу үчүн окулуучу дуба №1 رَبِّ اشْرَحْ لِي صَدْرِي * وَيَسِّرْ لِي أَمْرِي * وَاحْلُلْ عُقْدَةً مِنْ لِسَانِي * يَفْقَهُوا قَوْلِي Рабби-шра ẍ ли и ĉ адрии, ва яссир лии амрии, ва ẍ люль ‘у ḱ датан мин лисаании, яф ḱ а h уу ḱ авлии Эгем! Көөдөнүмдү ача көр! Ишимди жеңил кыл. Тилимдин түйүнүн чеч. алар сөзүмдү түшүнүүсү үчүн. (Тоха сүрөөсү 25 - 28 - аяттар) Бул дубаны Муса алейхиссалам кылган. Фараон сыяктуу өзүн кудай көргөн, адамдарды болсо кулдары катары кабыл алган бир адамга барып, аны туура жолго чакыруу кыйындардан кыйын бир иш болсо керек. Ошондуктан жогорудагы дубаны окуп кирген. Кээ бир рываяттарда фараон да ыйман келтирүүгө аз калганда, анын жанындагы вазирлеринин бирөөсүнүн эскертүүсү аркылуу туура жолду таппай калган деп баяндалат. Бул дубаны кекечтик менен ооругандар, илим үйрөнүүчүлөр, хатибдер, эл алына чыгып сүйлөөчүлөр ж.б. бардык адамдар окуп туруулары абзел.