Сообщения

Пайгамбарлар жана Пайгамбарыбыздын өзгөчөлүктөрү

اَللَّهُمَّ بَاعِدْ بَيْنِي وَبَيْنَ خَطَايَايَ كَمَا بَاعَدْتَ بَيْنَ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ Аллоохумма бааъид байнии ва байна хотаайаайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб Оо, Жараткан Алла! Мени менен күнөөлөрүмдүн арасын Чыгыш менен Батыштын арасындай алыстат. x

ЖАҢЫ ҮЙЛӨНГӨНДӨРГӨ ОКУЛУУЧУ ДУБА

بَارَكَ اللهُ لَكَ, وَبَارَكَ  عَلَيْكَ, وَجَمَعَ بَيْنَكُمَا فِي خَيْرٍ Баарокаллааху лака ва баарока ъалайка ва жамаъа байнакумаа фии хойр Алла Таала сен үчүн берекелүү кылсын жана берекесин дайыма берсин. Экөөңөрдү жакшылыкта бирге кылсын, бириктирсин.
Илим жугуштуу болуусу үчүн окулуучу дуба №1 رَبِّ اشْرَحْ لِي صَدْرِي * وَيَسِّرْ لِي أَمْرِي *  وَاحْلُلْ عُقْدَةً مِنْ لِسَانِي * يَفْقَهُوا قَوْلِي     Рабби-шра ẍ ли и ĉ адрии, ва яссир лии амрии, ва ẍ люль ‘у ḱ датан мин лисаании, яф ḱ а h уу ḱ авлии   Эгем! Көөдөнүмдү ача көр! Ишимди жеңил кыл. Тилимдин түйүнүн чеч. алар сөзүмдү түшүнүүсү үчүн. (Тоха сүрөөсү 25 - 28 - аяттар) Бул дубаны Муса алейхиссалам кылган. Фараон сыяктуу өзүн кудай көргөн, адамдарды болсо кулдары катары кабыл алган бир адамга барып, аны туура жолго чакыруу кыйындардан кыйын бир иш болсо керек. Ошондуктан жогорудагы дубаны окуп кирген. Кээ бир рываяттарда фараон да ыйман келтирүүгө аз калганда, анын жанындагы вазирлеринин бирөөсүнүн эскертүүсү аркылуу туура жолду таппай калган деп баяндалат. Бул дубаны кекечтик менен ооругандар, илим үйрөнүүчүлөр, хатибдер, эл алына чыгып сүйлөөчүлөр ж.б. бардык адамдар окуп туруулары абзел. 

Көз ачып жумгуча

يَا حَيُّ يَا قَيُّومُ، بِرَحْمَتِكَ أَسْتَغِيثُ، أَصْلِحْ لِي شَأْنِي كُلَّهُ، وَلاَ تَكِلْنِي إِلَى نَفْسِي طَرْفَةَ عَيْنٍ   Окулушу: Йаа Хаййу йаа Каййуум, бирахматика астагиис.  Аслихлии ша ’ нии куллаху.  Ва лаа такилнии илаа нафсии торфата ’ айн. Мааниси:  Бардык нерсеге жашоо   берген Хайй жана бардык нерсенин жашоосун       улантуучу Каййум. Сенин рахматың менен суранам. Менин бардык абалымды туура жолдо жакшы кыл. Мени напсим менен  бир көз ирмемге болсо да   бетме-бет калтырба.

Эртең менен кечинде окулчу дуба

  مَا شَاءَ اللهُ كَانَ، وَمَا لَمْ يَشَأْ لَمْ يَكُنْ، أَعْلَمُ أَنَّ اللهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، وَأَنَّ اللهَ قَدْ أَحَاطَ بِكُلِّ شَيْءٍ عِلْمًا   Окулушу: Маашааллааху каана, ва маа лам йаша ’ лам йакун, аъламу анналлааха ъалаа кулли шай ’ ин кодиир, ва анналлааха код ахаато би кулли шай ’ ин ъилма   Мааниси:  Аллах Таала эмнени кааласа ал болот, болуусун каалабаган нерсе эч качан болбойт. Билемин, Аллах бардык нерсеге кудуреттүү жана Аллахтын илими бардык нерсени курчап турат.     

Намаздан кийин окулчу дуба1

ا للَّهُمَّ تَقَبَّلْ مِنَّا هَذِهِ الصَّلاَةَ الْفَرْضَ مَعَ السُّنَّةِ مَعَ جَمِيعِ نُقْصَانَاتِهَا بِفَضْلِكَ وَكَرَمِكَ وَلاَتَضْرِبْ بِهَا وُجُوهَنَا   يَا اِلَهَ الْعَالَمِينَ وَيَا خَيْرَ النَّاصِرِينَ تَوَفَّنَا مُسْلِمِينَ وَألْحِقْنَا بِالصَّالِحِينَ وَصَلَّى اللهُ تَعَالَى عَلَي خَيْرِ خَلْقِهِ مُحَمَّدٍ وَعَلَى اَلِهِ وَأصْحَابِهِ أجْمَعِي ن Аллаахумма такоббал миннаа хаазихис-солаатал фард о маъас-суннати маъа жамииъи нуксоонаатихаа бифадлика ва каромик. Ва лаа тадриб бихаа вужууханаа йаа илаахал ъааламиин, ва йаа хойрон-Наасириин таваффанаа муслимиина ва алхикнаа бис-соолихиин. СаллАллааху Таъаалаа ъалаа хойри холкихи Мухаммадин ва ъалаа аалихи ва асхаабихи ажмаъиин. Аллахым, ушул парз намазын, сүннөттөрү жана бардык кемчиликтери менен бирге Өзүңдүн ырайымың жана жоомарттыгың менен кабыл кыла көр. Намаздарыбызды (кыяматта) жүзүбүзгө ура көрбө, Оо Ааламдардын Кудайы жана жардам берүүчүлөрдүн эң Жакшысы! Бизди мусулман абалыбызда жаныбызды алып, салихте...

Ыйык үч айларда окулчу дуба

اللَّهُمَّ بَارِكْ لَنَا فِي رَجَبٍ، وَشَعْبَانَ، وَبَلِّغْنَا رَمَضَانَ Окулушу: Аллахумма баарик ланаа фии Ражаб ва Шаъбаан ва баллигнаа Рамадаан Мааниси: Аллахым, Ражаб жана Шаабан айларын бизге берекелүү кыл жана Рамазанга жеткире көр!